Бишкектеги мурда №47 абак жайгашкан жерге 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Ал «Фейсбуктагы» баракчасында жеткиликтүү ипотекалык турак-жай жана өлкөнүн тышкы карызы социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу жөнүндө маалымат менен бөлүштү.
Анын айтымында, 2022-жылдын майында Министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «МИК» ачык акционердик коомуна (ААК) берилет.
«Бүгүнкү күндө 4,966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат.
Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцко бул программаны ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.
Ошондой эле, бардык аймактарда «ГИК» ААКсы аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда», — деди ал.
Мисалы, Бишкек шаарында мурдагы №47 абак турган жерге 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда.
«Мындан тышкары, бул максаттарга — бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылууда.
Маалымат үчүн айта кетсек, эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1,3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6,2 млрд сомдон ашык суммага берилген (2021-жылы 1,6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4,6 млрд сомго 1800 батир). Ошону менен мурдагы жылдарга салыштырганда каржылоону үч эседен ашык көбөйтүүнү камсыз кылууга мүмкүн болду.
Ошондой эле мамлекет башчысынын өнөктөш өлкөлөргө жана каржы институттарына өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмашуу боюнча кайрылуусуна алгачкы жооптор келип жатканын белгилей кетүү маанилүү», — деди ал.
Ал билдиргендей, айрым өлкөлөр кыргыз тараптын демилгесине кызыгып, жашыл экономика тармагындагы конкреттүү долбоорлор менен Министрлер кабинетинин программасын сунуштоо өтүнүчүн билдиришүүдө.
Президент жашыл экономика, тышкы карыз боюнча донорлорго кайрылды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз