Жатаканаларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан №57- мекеменин жетекчилиги тарабынан аймакты ири өлчөмдө тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ар кандай бульдозер, экскаватор, самосвал сыяктуу техникалар колдонулулду. Натыйжада совет доорунан бери бул жерде топтолгон 450 кубга жакын таштандыны чыгарып, жыйынтыгында 20 машина менен алып чыгарылды.
Андан кийин казылган траншеяларга трубалар төшөлүп, алар аркылуу таза суу өтө баштады.