АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Чукул кабар: 8-11-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт
07.07.2025 | 13:20
8-11-июль күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бул тууралуу ӨКМнын Кыргызгидромет кызматы билдирди.
“Бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуз. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз, токтоосуз түрдө 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат!”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом