1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

29.03.2026 | 11:00

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 1-апрелде борбор калаанын бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотуларын маалымдайт.

Суу саат 09:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • Лермонтов – Ауэзов – Ш. Баатыр – Көлбаев көчөлөрү, ЖЭБ – Токмок каналы;
  • Аламүдүн кичи району;
  • Куруучулар шаарчасы.

Ичүүчү суу “Кажы-Сай” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Ишкана тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат. Пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу алууга болот.

Scroll to Top