Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт
29.03.2026 | 12:00

28-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери:
- Бишкек – Ош унаа жолу: 121-138-чакырымдар (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдар (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу: 292-305-чакырымдар (Долон ашуусу);
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолу: 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол – Эңилчек унаа жолу: 45-90-чакырымдар (Чоң-Ашуу ашуусу).
Министрлик аталган аймактарда жолдор тайгак болуп, муз тоңорун маалымдайт. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом