Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6 (үшүк 0…-2)
күндүз +11…+16
Баткен облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +13…+18
Нарын облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +11…+16
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз