Рубль бир айдын ичинде сомго карата 4%га бекемделди

Рубль бир айдын ичинде сомго карата 4%га бекемделди

Кыргыз сому негизги резервдик валюталарга жана өнөктөш өлкөлөрдүн төлөм каражаттарына карата алсызданды. Мындай тыянак 26-октябрга карата Улуттук банк тарабынан жарыяланган расмий алмашуу курсунун маалыматтарынын негизинде чыгарылды.

Сом ириде орус рублине карата арзандап, бир күндө 1,04%га, ал эми бир айда 4%га төмөндөдү. Алсак, 26-сентябрда орус валютасынын сомго карата расмий курсу 1,1615 сом болсо, бүгүн 1,209 сомду түздү.

Сом казак теңгесине карата 0,4% алсыраса, ай ичиндеги динамикага көз чаптырсак, теңгенин расмий курсу улуттук валютага карата 0,25% төмөндөдү.

Динамика АКШ долларына жана еврого карата да байкалууда. 25-октябрдан 26-октябрга чейин алар сомго карата тиешелүүлүгүнө жараша 0,01% жана 0,08% чыңдалды. Ошол эле учурда ай ичинде америкалык валюта 0,007%, евро 0,74% арзандады.

Тэги: рубль сом

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>