1-июлдан тарта Кыргызстанда вейптерге тыюу салынат

1-июлдан тарта Кыргызстанда вейптерге тыюу салынат

2025-жылдын 1-июлунан баштап Кыргызстанда электрондук тамекилерди (вейптерди) өлкөгө ташып келүүгө, сатууга жана колдонууга расмий түрдө тыюу салынат. Бул тууралуу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине жана башка мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдө белгиленген.

Мыйзамга ылайык, электрондук тамекилерди колдонгон жарандар төмөнкүдөй айыптарга жыгылат:

  • Жеке жактар үчүн — 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом);
  • Юридикалык жактар үчүн — 600 эсептик көрсөткүч (60 миң сом).

Ал эми вейп сатуу боюнча:

  • Жеке жактар — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом);
  • Юридикалык жактар — 650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом) айып төлөшөт.

Мындан тышкары, электрондук тамекилерди мыйзамсыз ташып келүү:

  • Жеңил учурларда — 1000ден 1200гө чейинки эсептик көрсөткүч (100 миңден 120 миң сомго чейин) өлчөмүндө айып же эркиндикти чектөө;
  • Ири же өзгөчө ири учурларда — 150 миңден 200 миң сомго чейин айып же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев жана Аида Исатбек кызы демилгелеген. Долбоор 2024-жылдын июнь айында парламент тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынып, кийин президент Садыр Жапаровдун сунушу менен жаза чаралары такталып, ноябрь айында кол коюлган.

Мыйзам электрондук тамекинин жаштардын саламаттыгына тийгизген терс таасирин азайтуу жана коомдук саламаттыкты коргоо максатын көздөйт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>