8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды
1-класстар үчүн кышкы каникул 2 жумага узартылды. Окуучулар канча күн эс алышат
01.12.2025 | 15:32

2025-2026-окуу жылында мектеп окуучулары кыш майрамдары маалында 12 күн эс алышат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планында жазылган.
Тактап айтканда, кышкы каникул 2025-жылдын 31-декабрынан баштап 2026-жылдын 11-январына чейин болот. Сабактар 12-январда башталат.
Ал эми 12 жылдык мектептин 1-классынын алты жаштагы окуучулары үчүн каникулдар кошумча 2 жумага узартылат. Алар 2025-жылдын 24-декабрынан баштап 2026-жылдын 18-январына чейин эс алышат.
Ошондой эле 2-класстын окуучулары үчүн кышкы каникулдар 1 жумага узартылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим