Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Кыргызстанга документи жок алтын алып кирүүгө аракет кылышкан
01.12.2025 | 15:53
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кыргызстанга алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Мыйзамсыз жүк Ош шаарынын аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринин багажын текшерүү маалында аныкталган.
Мекеменин маалыматында, чемодандан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн зарыл коштоочу документтери жок алып келинген билериктер, чынжырлар жана сөйкөлөр табылган. Зер буюмдардын жалпы наркы 13,9 миллион сомдон ашат.
Бул факт боюнча актылар түзүлүп, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


