1-октябрдан тарта өлкөдө пенсияны кеминде 500 сомго көтөрүү пландалууда. Бул боюнча Социалдык фонд Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Анда каражаттын камсыздандыруу бөлүктөрү индексациялоо коэффициентинин жогорулашына байланыштуу эң аз дегенде 500 сомго көбөйтүлөт.
Кыргызстанда 1-октябрга карата берилген маалыматка таянсак, 765,6 миң пенсионер бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз