Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан аткезчилик жол менен ташылып келген ноутбуктар жана баш кийимдер кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, бажычылар тарабынан Баткен облусунун Жаштык айылында Х.Н.Ш аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа текшерилген.
Текшерген учурда унаанын жүк бөлүгүнөн коңшу өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 754 000 сомдук товарлар табылган.
Ташылып бараткан мыйзасыз жүктөр:
- “ACER” үлгүсүндөгү ноутбук — 90 даана;
- “Lenovo” үлгүсүндөгү ноутбук — 8 даана,;
- “HP” үлгүсүндөгү ноутбук — 20 даана;
- “Americanstyle afny” үлгүсүндөгү баш кийим — 1 000 даана.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.