12-май: Коронавирус 21 кишиден табылды, 21 бейтап оорудан айыкты

12-май: Коронавирус 21 кишиден табылды, 21 бейтап оорудан айыкты

Кыргызстандын аймагында дагы 21 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1037ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:

Бишкек ш. – 10, Жалал-Абад облусу –3  Чүй шаары – 1, Нарын облусу –7.

Нурболот Үсөнбаев ошоной эле бир сутка ичинде 21 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.

Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 709га жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>