Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярбы жана эмне өзгөрөт?

01.08.2025 | 17:49

Кыргызстан быйыл, 2025–2026-окуу жылынан баштап, мектеп билим берүү системасын 12 жылдык моделге расмий түрдө өткөрө баштайт. Бул чечим дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасына жана азыркы замандын талабына негизделген. Бул чечимдин негизги максаты окуучуларга терең, заманбап билим берүү жана көптөгөн кесиптик көндүмдөрдү эртерээк үйрөтүү экендиги байма-бай айтылып келет. Буга чейин 11 жылдык билим берүүдө мектептер жетишпей, окуу китептеринин жетишсиздиги айтылып, бир партага 3-4төн отуруп окуган окуучулардын көйгөйү далай ирет айтылып келген. Мындан улам Кыргызстандын билим берүү тармагы 11 жылдыкты анчейин эптей албай жатыр, 12 жылдык системага өтүүгө канчалык даяр, аны эптей алабы деген суроо дээрлик бардык ата-энелерди ойлондуруп турган кез. Мындан улам “Reporter.kg” бул ирет 12 жылдык билим берүүнүн күңгөй-тескейине саресеп салат.

Cardiologist discussing common disease with interns and pointing at heart chart on whiteboard

Макала даярдап жаткан учурда Агартуу Министрлигинин басма сөз кызматына  кайрылып, “Мектептерге 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен эмне өзгөрөт?”,-деген суроо салдык.

“Мында алгач эле буга чейин 0-класс, тактап айтканда мектепке даярдоо классына барып жүргөн балдар  эми дароо 1-класска отурат. Буга чейин мектепке кабыл алуу 7 жаштан болсо, быйылтан тарта кабыл алуу 6 жаштагы расмий башталат. Демек, бала мурдагыдай эле жашта мектепке барып, мурдагыдай эле жашта бүтөт.

Ошону менен орто мектептердеги жалпы билим берүү 12 жылга созулат. Башталгыч (1–4), негизги орто (5–9), жана жогорку класстар (10–12). Жогорку класстарда (айрыкча 11-12) кесипке багыт берүү да кошулат”,-деген жооп айтышты.

Андан сырткары, бул системада классты “аттап өтүү” деген болбойт деп кошумчалады ведомствонун маалымат кызматы.

Деги эле Кыргызстанга эмне үчүн 12 жылдык система керек? 

Адистердин айтымында, бул системанын киргизилишинин себеби, билимдин сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Азыркы 11 жылдык билим берүүдө терең түшүндүрүүгө убакыт жетишпей жатат. 12 жыл окуу — предметтерди тереңирээк үйрөнүүгө жол ачат. Ошондой эле балдарды эмгекке даярдоо.  12 жылдык билим берүүнүн кириши менен жогорку класстарда окуучуларды кесипке багыттоо башталат. Бул — мектепти бүткөндө жумушка дароо орношуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Дагы бир көңүл бурчу жагдай, дүйнөлүк стандартка шайкеш келүү. Европа, Азия, АКШ жана башка өлкөлөрдө 12 жылдык билим берүү норма болуп калган. Кыргызстан да дүйнөлүк билим берүү системасына интеграция болууда.

Ишке ашыруу этаптары кандай жүрөт?

Даярдык 2021–2025: Мугалимдерди окутуу, китептерди жаңылоо, мектептерди даярдоо. 

Башталыш 2025–2026: 6 жаштагы балдар 1-класска барышат, 12 жылдык системанын алгачкы тобу окуй баштайт.

Аяктоо 2028–2029: Алгачкы 12 жылдык бүтүрүүчүлөр аттестат алышат.

Close-up of woman writing something in notebook in cafe. Concept. Woman writes down something personal or plans day in cozy cafe.

Быйылкы окуу жылына даярдык кандай жүрдү? 

Акыркы 3 жылда 214 жаңы мектеп салынды. 2023-жылы эле 105 мектеп пайдаланууга берилди. 2025-жылдын башына карата аймактарда 73,5% мектепте бош орун бар.

Мугалимдерди даярдоо:Бардык мугалимдер жаңы 12 жылдык стандарт боюнча тренингден өттү. Айрыкча STEM мугалимдерге (илим, технология, математика, информатика) артыкчылык берилүүдө. Ар бир мугалимге “Алтын Казык” ноутбугу берилди – бардык окуу материалдары ичинде камтылган.

Окуу китептери: Жаңы стандартка ылайык жаңы окуу китептери даярдалды (1–12-класстар үчүн). STEM жана англис тили боюнча дүйнөлүк практикага шайкеш жаңы окуу куралдары киргизилет. Китеп басып чыгаруу интенсивдүү жүрүп жатат, көпчүлүгү жаңы окуу жылына даяр болот.

Бул системанын кириши менен Кыргызстан эмнеден утат?

-Заманбап, ийкемдүү билим берүү системасы

-Окуучулар дүйнө жүзүндөгү деңгээлде билим алат

-Жогорку класстарда кесиптик багыт берилет

-Илим, технология, англис тили, компьютер сабактары күчөтүлөт

-Мугалимдердин билими да жаңыланат

12 жылдык билим берүүгө өтүү — бул жөн гана реформа эмес, келечекке фундамент. Өзгөрүү оңой эмес, бирок туура пландалган. Мугалимдер, ата-энелер, коом – баары биргелешип иштесе, ийгилик сөзсүз болот.

Рубрики: Макалалар
Scroll to Top