№13 округунда кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Жалпы 31 талапкер арыз берди

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады. Боршайкомдун маалыматында, аталган округдан жалпысынан 31 талапкер көрсөтүлдү. Анын ичинен 21өө эркек талапкерлер, ал эми 10ну аялдар.
Ошондой эле 11 талапкер катталып, төртөө шайлоого катышуудан баш тарткан. Мындан тышкары БШК бир талапкерди каттоодон баш тарткан.
№13 округ боюнча парламенттин депутаттыгына кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳт.
2025-жылдын 30-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрда, №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Буга бул округга караган 35 шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар себеп болгон. БШК аталган участоктордо катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын маалымдаган.