Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
14-июль: Кыргызстанда дагы 421 адамга коронавирус жукту
14.07.2020 | 10:06
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 421 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 14-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында — 176 адам. Ош шаарында 58, Чүй облусунда 87, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 40, Баткен облусунда 21, Ысык-Көл облусунда 31, Нарын облусунда 1, Талас облусунда бир адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 109 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.
18-марттан 14-июлга чейин өлкөдө жалпы 11 миң 538 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3569 адам илдеттен айыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом