16:00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү: эң жогорку жана эң төмөн көрсөткүчтөр

30.11.2025 | 16:45

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 16:00гө чейин эң жогорку шайлоочулар активдүүлүгү №1, №10, №13 жана №30 шайлоо округдарында катталды. Бул аймактарда добуш бергендердин үлүшү 30 пайыздан ашты. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал эми эң төмөн көрсөткүч Аламүдүн округунда жана Бишкектин төрт районунда — Ленин, Октябр, Биринчи Май жана Свердлов райондорунда байкалууда. Бул аймактарда шайлоочулардын катышуусу 23 пайызга жеткен жок.

Шайназаровдун айтымында, 2021-жылдагы шайлоодо саат 16:00гө карата 813 миң 176 жаран добуш берип, бул 22,47 пайызды түзгөн. Анын белгилешинче, быйыл ушул убакытка карата добуш бергендердин саны болжол менен 200 миңге көп болуп, жалпы катышуу 2,5–3 пайызга өскөн.

БШК маалымдагандай, маалыматтар участкалардан маалымат түшкөн сайын жаңыланып турат.

Комиссиянын сайтында 16:00гө карата жарыяланган маалыматтарга ылайык, эң төмөнкү катышуу Бишкектин №24 шайлоо округунда катталды. Бул аймактын борбору — Москва көчөсү. Бул жерде 24 миң 55 адам добуш берип, бул 17,82 пайызды түздү.

Ал эми эң жогорку активдүүлүк №13 шайлоо округунда — борбору Массы айылы. Саат 16:00гө карата бул жерде 51 миң 607 шайлоочу добуш берип, катышуу 32,19 пайызга жетти.

Scroll to Top