Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазаланууда
23.03.2026 | 13:35

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ага ылайык, дарыянын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.
Мэриянын маалыматында, тазалоо иштери сел кырсыктарынын алдын алуу максатында жазгы үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.
Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары жана зарыл болгон күч-каражаттары тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев аталган аймакка барып, иштин жүрүшү менен таанышкан. Ал жооптуу кызматкерлерге ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом