Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
16-январь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайт
16.01.2026 | 09:00

Бүгүн, 16-январда, өлкө аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Унаа жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -3…2°C, күндүз 1…6°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 0…-2°C, күндүз 3…5°C;
- Ош облусунда түнкүсүн -1…1°C, күндүз 5…7°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1…1°C, күндүз 5…7°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 4…6°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7°C, күндүз 3…5°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -20…-22°C, күндүз -11…-13°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…1°C, күндүз 3…5°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом