Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
«Портердин» айдоочусу жогорку ылдамдыкта баратып, окуучу кызды сүзүп кетти. Ал каза болду
24.03.2026 | 14:57

23-мартта саат 17:53 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 33-чакырымында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы болду.
Чүй облустук ЖКККББнын маалыматына караганда, Москва районунун Садовое айылынын 2001-жылы туулган тургуну Hyundai Porter унаасын чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучу кызды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2016-жылы туулган кыз ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок ал эсине келбей каза болгон.
Чүй облустук ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдордо өтө кунт коюп, этият болууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар