Кыргызстандын аймагында 17-апрель саат 10:00гө карата дагы 23 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
- Бишкек – 14
- Ош облусу – 4
- Ош шаарында – 2
- Чүй облусунда – 1
- Ысык-Көл облусунда – 2
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 489га жетти.