Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 17-июнда коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штабдан кабарлашты.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 36;
Чүй облусу — 29;
Ош ш. — 7;
Ош облусу — 6;
Баткен облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 3;
Талас облусу — 6.
17-июнга карата өлкөдө жалпы 2562 адам коронавирус жуктуруп алган.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан 54 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты. Муну менен жалпы 1901 бейтап ооруну жеңген.