Кара-Суу районунда “Жигули” унаасы Ак-Буура дарыясына кулап кетип, 3 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 22-июнь күнү кечке маал болгон.
23-июнь күнү окуя болгон жерге 10 куткаруучу 1 экскаватор, 1 кран тартылып, каза болгон 3 эркек адамдын сөөгү жана унаа суудан чыгарылган. Каза болгондордун сөөктөрү жакындарына өткөрүлүп берилген.