(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абаддын айрым жерлеринде кар жаашы, ал эми Баткен облусунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Талас, Жалал-Абад Абад, Ысык-Көл райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +10…+15
күндүз +18…+23
Талас облусу
түнкүсүн +9…+14
күндүз +18…+23
Баткен облусу
түнкүсүн +11…+16
күндүз +20…+25
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +11…+16
күндүз +20…+25
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +17…+22
Нарын облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +19…+24
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 13…15, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз