2-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы 5 кишиден табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Алардын экөө Ноокат районунда, бирөө Ош шаарында, экөө Кызыл-Кыя шаарында катталган.
Жалпысынан Кыргызстанда бул илдетке 116 киши болду. Алардын ичинен 3 адам илдеттен сакайды.