Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Коронавирус төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 11;
Нарын облусу — 1;
Ош ш. — 16.
Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1845ге жетти.