Site icon Reporter.kg

2022-жыл. Мекенинен куулган журналист, камалган активисттер

Кыргызстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден сөз эркиндиги менен айырмаланып, «демократия аралчасы» деп айтылып келет. Бирок сөз эркиндигине Кыргызстан оңой-олтоң жеткен жок жана аны кармап калуу үчүн «күрөш» уланууда. Себеби ар бир бийлик сөз эркиндигине, оюн ачык айткан адамдарга кысым, сес көрсөтүү аракеттерин ар дайым жасап келет.

2022-жыл Кыргызстан үчүн сөз эркиндиги, оюн ачык айткан адамдар үчүн «сыноолордун» жылы болду. Алардын айрымдары азыркыга чейин камакта болсо, кээ бирине сот өкүмү чыкты.

Адилет Балтабай

Былтыр камалып, сот өкүмү чыккан активисттердин бири — коомчулукта Адилет Балтабай деген ат менен таанымал Адилет Али Мыктыбек.

Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган.

Соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыкты.

Адилет Балтабай ага чыккан өкүмдөн кийин соттун чечим тууралуу оюн билдирип жатып күнөөлүү эместигин, азыркы бийлик учурунда болбосо да, кийин акталарына ишенерин айткан.

Ырыс Жекшеналиев

«Полит Узник» баракчасынын администратору, жаш активист Ырыс Жекшеналиевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн кылмыш иши козголгон.

13-августта «Полит Узник» баракчасында аталган архивдик кайрылуу чыгып, андан кийин 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага байланыштуу ошол эле күнү Ырыс Жекшеналиев менен Абдил Сегизбаев суракта болушкан. Сегизбаев сурактан кийин кое берилсе, Жекшеналиев алгач 48 саатка, андан кийин 16-августта №1 тергөө абагына камакка алынган.

Андан кийин ал 26-октябрга чейин камакта болуп, Бишкек шаардык сотунун чечими менен  үй камагына чыгарылган.

Декабрь айында анын иши сотто карала баштап, учурда соттук процесс аягына чыга элек.

Мекенинен чыгарылган журналист

2022-жылдын 22-январында милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес.

Андан кийин иш Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылган. Ошол эле учурда мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн канааттандырып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Ага чейин Темировдун Кыргызстандын жарандыгы жокко чыгарылган, бирок анын Россиянын жарандыгы болгон. Темировдун кыргыз жарандыгынан ажыратылышы талаштуу маселе бойдон калып келет. Болот Темиров ошол эле күнү Россияга чыгарылган.

Кемпир-Абад иши

Былтыр Кыргызстандагы резонанстуу окуялардын бири Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын адамдын «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип камалышы болду.

23-октябрда бир катар активисттердин жана саясатчылардын үйлөрүндө тинтүү жүрүп, андан кийин алар камакка алынышты. Камакка алынгандардын басымдуу бөлүгү Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү болушат.

Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 27 киши кармалган. Учурда алардын экөө үй камагында: Талант Эшалиев кармалгандан кийин ден соолугуна байланыштуу үй камагына алынган. Ал эми Нурлан Асанбеков камакка алынып, ачкачылык кармап, саламаттыгы начарлагандыктан 11-ноябрда үй камагына чыккан. Учурда 25 киши №1 тергөө абагында отурат. Алар 20-февралга чейин камакта болушат.

Камакка алынгандар:

  1. Али Шабдан,
  2. Гүлнара Журабаева,
  3. Асия Сасыкбаева,
  4. Эрлан Бекчороев,
  5. Жеңиш Молдокматов,
  6. Равшан Жээнбеков,
  7. Рита Карасартова,
  8. Клара Сооронкулова,
  9. Перизат Суранова,
  10. Улугбек Маматаев,
  11. Таалай Мадеминов,
  12. Чыңгыз Капаров,
  13. Айбек Бусурманкулов,
  14. Атай Бейшенбек,
  15. Айданбек Акматов,
  16. Марат Баязов,
  17. Акыл Айтбаев,
  18. Кеңешбек Дүйшөбаев,
  19. Бектур Асанов,
  20. Кубанычбек Кадыров,
  21. Канат Исаев – УКМКнын тергөө абагында
  22. Азимбек Бекназаров,
  23. Мамбетжунус Абылов,
  24. Орозайым Нарматова,
  25. Илгиз Шаменов.

Руслан Бекназаров

Социалдык тармактарда пост жазганы же бөлүшкөнү үчүн камакка алынгандардын (кийинчерээк үй камагына чыккан) арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу, Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары Руслан Бекназаров да бар. Ал социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Бекназаров 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген.

Руслан Бекназаров 2-ноябрда үй камагына чыккан. Камактан чыккандан кийин ал акимчиликтеги кызматына кайтып келип, кирешелер боюнча штабдын кезектеги отурумун өткөргөн. Бирок 11-ноябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткенин жарыялаган.

Эмил Бекиев

Социалдык тармактардагы билдирүүсү үчүн камакка алынгандардын бири — блогер жана оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташы Эмил Бекиев. Ал буга чейин YouTube’дагы каналында бийликке сын айтып келген.

Былтыр 7-сентябрда Москвадан депортацияланып келгенден кийин ал Ысык-Көлдөгү аэропорттон УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен. Бекиевге «диний, улут жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү.

Бекиев 2021-жылы январь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Москвадагы элчиликтин алдында жалгыз пикетке чыккан. Ал эми ноябрь айында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары менен бирге унаа менен жүрүш жасаганы үчүн кармалган.

Таалайбек Дүйшөмбиев

Таалайбек ДүйшөмбиевNext TV телеканалынын директору. Ага былтыр «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылып, сот өкүмү чыккан. 

Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон. Март айында ал кармалган.

Бул иш боюнча 21-сентябрда Биринчи май сотунда өкүм чыкты.

Соттун өкүмү менен Дүйшөмбиев 5 жылга эркинен ажыратылды. Ошол эле учурда ага 3 жылдык пробациялык көзөмөл белгиленип, ал камактан бошотулду. Ага карата эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version