Кытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылдыЖККУнун «Кант» авиабазасынын аскер кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам бериштиОрмуз кысыгынын тосулушу Европага масштабдуу энергетикалык сокку менен коркунуч туудурууда26-мартта Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулатТажикстанда Нооруз фестивалынын алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн жаштар форуму башталды
2023-жылы гепатит жана сифилис менен ооругандардын саны көбөйдү
06.01.2024 | 09:00
2023-жылы гепатит жана сифилис жугузгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бир жылда гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге сифилиске чалдыккандар 1,3 эсеге өстү.
Ошондой эле 2023-жылы кызамык илдети күч алып, 5 миң бала ооруду. 2022-жылы бул оору катталган эмес.
Статистика комитети кургак учурдун саны азайганын белгилейт. Бир жылда бейтаптардын саны 8,2 эсеге аз катталды.
Андан тышкары, педикулез (3,5 эсеге), котур (1,6 эсеге), эпидемиялык паротит жана эхинококкоз (1,1 эсеге) боюнча көрсөткүчтөр төмөндөдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом