2023-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Тизме

2023-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Тизме

2023-жылдын башталышы менен кыргызстандыктар 8 күн катары менен эс алат. Reporter.kg кыргызстандыктар 2023-жылы кайсы күндөрү эс алары тууралуу жазды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарына ылайык, Кыргызстанда жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет.

  • 1-январь – Жаңы жыл;
  • 7-январь — Рождество;
  • 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү;
  • 8-март – Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Нооруз;
  • 7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү;
  • 1-май – Эмгек күнү;
  • 5-май – Кыргызстандын Конституция күнү;
  • 9-май – Жеңиш күнү;
  • 31-август – Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү;
  • 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү;
  • Ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын Орозо айт жана Курман айт майрамдары.

Ошол эле учурда, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу үчүн дем алышка туш келген майрам күндөрү башка иш күндөрүнө которулуп, кыргызстандыктар бир нече күн катары менен эс алууга мүмкүнчүлүк алат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

Өкмөттүн чечими менен 2023-жылдын 1-8-январы дем алыш күндөр болуп белгиленди:

  • 2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө которулат;
  • 2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө которулат;
  • 2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө которулат;
  • 2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө которулат;

2023-жылдын 18-21-марты дем алыш күндөр болуп белгиленди:

  • 2023-жылдын 29-апрелиндеги дем алыш күнү 2023-жылдын 20-мартындагы иш күнүнө которулат;

2023-жылдын 5-9-майы дем алыш күндөр болуп белгиленди:

  • 2023-жылдын 13-майындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 8-майындагы иш күнүнө которулат;

2023-жылдын 4-8-ноябры дем алыш күндөр болуп белгиленди:

  • 2023-жылдын 11-ноябрындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 6-ноябрындагы иш күнүнө которулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>