«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Чүйдө мыйзамсыз иштеп жаткан 2 медресе аныкталды
06.06.2025 | 11:05
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында мыйзамсыз иш алып барган эки медресе аныкталды. Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган диний окуу жайларында 10 окуучу жана бир нече окутуучу болгон.
Чүй ОИИББнин Экстремизме жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө бул окуу жайлардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүн тастыктаган тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталган.
“Аталган факты боюнча алдын ала тергөө башталды. Анын жыйынтыгы боюнча Жазык-процесстик кодексине ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат”,- деп билдиришти милициядан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар