2025-жылы Кыргызстандын бюджети 1,1 трлн сомдон ашты

09.12.2025 | 12:16

Кыргызстандын экономикасы консолидацияланган бюджеттин көлөмү боюнча тарыхта биринчи жолу бир триллион сомдук чекти басып өтүп, рекорддук көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Бул тууралуу «Ынтымак Ордодо» өткөн өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Күн тартибинин башкы темасы 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо болду.

Министрлер кабинетинин башчысы 2025-жылды өлкөнүн каржы системасы үчүн бурулуш жасаган жыл деп атады.

«Бүгүн 2025-жылдын консолидацияланган бюджетин карап жатып, биз бюджеттин көлөмү 1,1 трлн сомдон ашарын расмий жарыялайбыз. Буга чейин бекитилген бюджет 708,8 млрд сомду түзгөн болсо, эми биз жылды 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүү менен жыйынтыктап жатабыз», — деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, жыл жөн гана кирешелердин өсүшү менен эмес, 10 млрд сомдон ашык өлчөмдөгү бюджеттик профицит менен жыйынтыкталууда.

ИДПнын өсүшү боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунда

Өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк жогорку деңгээлде сакталууда. 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10%ды түздү.

Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына шилтеме жасоо менен белгилегендей, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн катарына кирген.

Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр:

  • ИДПнын көлөмү: 10 айдын жыйынтыгы боюнча 1 трлн 427 млрд сомду түздү. Жыл аягына карата болжолдоо — 1 трлн 779 млрд сом (бекитилген пландан 155,6 млрд сомго көп).
  • Өсүштүн драйвери: Курулуш сектору рекорддук өсүштү көрсөттү — 42,8%.
  • Калктын жан башына карата ИДП: 2 770 доллар деңгээлинде болжолдонууда (планга салыштырмалуу 154 долларга өсүш).

Өлкөнүн каржылык «коопсуздук жаздыгы» да олуттуу өстү. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын алтын-валюта резервдери дээрлик 8 млрд долларга (7 млрд 955 млн доллар) жетти.

Бул былтыркы жылдын октябрь айына салыштырмалуу 3 млрд долларга көп, бул макроэкономикалык туруктуулуктун бекемделгенинен кабар берет.

Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 1-декабрына карата байкалган дүйнөлүк экономиканын басаңдашынын фонунда Кыргызстандын ийгиликтери өзгөчө байкалып жатканын белгиледи. Глобалдык саясий туруксуздукка жана соода жаңжалдарына карабастан, Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча, Кыргызстан өнүгүүнүн оң динамикасын жана саясий туруктуулукту сактап келет.

Scroll to Top