2025-жылы Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандардын саны 18,6%га өскөн

23.01.2026 | 12:38

2025-жылы Кыргызстанга 20 млн 978 миң 965 чет өлкөлүк жаран кирген. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 18,6%га көп. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Ошондой эле өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан жалпы 37 млн 50 млн 223 адам өткөрүлгөн. Алардын ичинен 18 млн 574 миң 22 адам өлкөгө кирсе, 18 млн 476 миң 201 адам аймактан чыккан.

Чек ара жана миграциялык мыйзамдарды көзөмөлдөөнүн алкагында 2025-жылы документтери талапка жооп бербеген 28 миң 593 адам аныкталган. Алардын ичинен 28 миң 6 жаранга чек арадан өтүүгө уруксат берилген эмес. Өлкөдө болуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 31 чет өлкөлүк жаран депортацияланган.

Scroll to Top