2025-жылы мамлекет лизинг аркылуу айыл чарба техникасын жаңылоого дээрлик 10 миллиард сом багыттады

21.01.2026 | 14:46

Кыргызстанда 2025-жыл ичинде мамлекеттик колдоо программаларынын алкагында фермерлерге 2853 бирдик айыл чарба техникасы берилди. Жыл ичинде лизингдик операциялар боюнча каржылоонун жалпы суммасы 9,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорлор Суу ресурстары министрлиги тарабынан мамлекеттик банктар менен биргеликте ишке ашырылууда. Учурда республикада жети максаттуу программа иштеп жатат. Айыл чарба техникасы жана кайра иштетүү тармагы үчүн жабдуулар аграрийлерге жеңилдетилген шарттарда берилет: лизинг мөөнөтү 7 жылды түзөт, ал эми пайыздык чен жылдык 6% деңгээлинде белгиленген.

Мекеменин статистикасына ылайык, бул демилгелерди ишке ашыруунун бардык мезгилинде (2011-жылдан бери) республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрү жалпы суммасы 27,9 млрд сомдук 9863 бирдик техника алышкан. Ошол эле учурда 2025-жылдын көрсөткүчтөрү модернизациялоо темпинин олуттуу ылдамдаганынан кабар берет: акыркы 14 жылдагы каржылоонун жалпы көлөмүнүн үчтөн биринен көбү өткөн жылга туура келди.

Scroll to Top