Бишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштадыКөзөмөлдөө үчүн мектептердин окуу китептерине QR-коддор коюлушу мүмкүнКурултайлардан санариптик парламентке чейин — Наталья Никитенко КР ЖКнын трансформациясы тууралуу«Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алынды
Чет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
01.04.2026 | 16:07

Агартуу министрлиги Кыргызстанда жашаган чет өлкөнүн жарандары балдарын мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына кантип каттаса болорун түшүндүрдү.
Ал үчүн алгач калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылып, Кыргыз Республикасынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) алуу керек. Андан соң https://1mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, керектүү маалыматтарды толтуруп, каттоодон өтүү керек.
Бүгүн, 1-апрелде, өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы башталды. Каттоо 1mektep.edu.gov.kg платформасындагы жеке кабинет аркылуу жүргүзүлөт. Быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.