2026-жылдын январында Кыргызстандан нан жана нан азыктарынын экспорту 17%га өстү

06.04.2026 | 15:28

Январь айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө нан жана нан азыктарын жеткирүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,5%га өсүп, 292 тоннаны түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Экспорттун негизги көлөмү ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келди. Жалпы жеткирүүлөрдүн 80%дан ашыгы ушул мамлекеттерге багытталган. Калган продукция Кытай, Монголия, Тажикстан жана Түркмөнстанга жөнөтүлгөн.

Scroll to Top