2026-жылы бийик тоолуу аймактарда жашагандарга жөлөк пул бериле баштайт

23.12.2025 | 17:57

Кыргызстанда 2026-жылы бийик тоолуу аймактардын тургундарына жаңы жөлөк пул бериле баштайт. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо министрлиги маалымдады.

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” деп аталган жөлөк пул ай сайын берилет. Ал бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар жана чек арага чектеш айрым аймактарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Анын өлчөмү – 3 миң сом.

Жөлөк пулду алууга арыздар 2026-жылдын январынан тарта кабыл алынат. Бул үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз менен кайрылышы керек. Жөлөк пул 1-февралдан баштап төлөнө баштайт.

Министрлик жөлөк пулдун бул түрү социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан төлөнөрүн кошумчалады.

Scroll to Top