Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстандык мугалим «КМШдагы мыкты педагог» сынагынын жеңүүчүсү болду
26.03.2026 | 13:25

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 бала бакчанын директору Аида Жаңыбаева «КМШдагы мыкты педагог» эл аралык сынагында биринчи орунду ээледи.
Агартуу министрлигинин маалыматында, сынактын жыйынтыктоочу баскычы 24-мартта Астана шаарында өттү. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышты. Аида Жаңыбаева 7-февралда башталган биринчи турдан өтүп, экинчи баскычка жолдомо алган.
Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык педагог I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим