2028-жыл — Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды

07.10.2025 | 10:11

Президент Садыр Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 100 жылдык мааракесин белгилөөгө байланыштуу 2028-жыл Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, 2028-жылы улуттук жана эл аралык деңгээлде ар кандай маданий, илимий, адабий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул аракеттер Айтматовдун чыгармачылык мурасын даңазалоо жана жаш муундарга анын адамзаттык идеяларын кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, өкмөт жазуучунун мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзөт.

Айтматов — дүйнөлүк адабиятта кыргыз элин даңазалаган залкар жазуучу. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулган. 2028-жылы анын туулгандыгына 100 жыл толот.

Scroll to Top