Кыргызстандын эркин күрөш жана грек-рим балбандары Хорватиядагы мелдешке катышпайт

Кыргызстандын эркин күрөш жана грек-рим балбандары Хорватиядагы мелдешке катышпайт

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары Хорватияда өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешине катышпайт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди башкы машыктыруучулар кабыл алган. Учурда балбандар Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдө.

Бул мелдешке өлкө атынан балбан кыз Айпери Медет кызы гана барат. Ал азыр турнирге даярдык көрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында Кыргызстандын 9 грек-рим балбаны Zagreb Open катышары айтылган. Учурда сайтта алардын аттары катышуучулардын тизмесинен алынган.

Айпери Медет кызы Хорватиядагы мелдешке катышат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>