Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?22-февралда Кыргызстандын кайсы шаарларында Масленица майрамы өтөт? Тизме
22-февралда Кыргызстандын кайсы шаарларында Масленица майрамы өтөт? Тизме
18.02.2026 | 16:12
Кыргызстандын бир катар калктуу конуштарында Масленица элдик сейилдөөлөрүн өткөрүү пландаштырылууда. Уюштуруучулар республиканын тургундарын жана конокторун кышты узатууга арналган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырышат.
Сейилдөөнүн программасында салттуу иш-чаралар: тегерек бийлер (хоровод), ыр-бийлер, оюндар жана конкурстар бар. Майрамдын конокторун ошондой эле Масленицанын башкы даамы — куймактар (блины) күтөт.
22-февралга карата иш-чаралардын расписаниеси:
- Бишкек: саат 11:00дө бир эле учурда эки аянтта башталат — Маданият министрлигинин жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратынын алдында (Пушкин көчөсү, 78), ошондой эле «Карагач токою» паркында.
- Токмок: саат 10:00дө Борбордук аянтта (Сарбагышев көчөсү, 80а).
- Кант: саат 11:00дө Борбордук аянтта (Абдраимов көчөсү, 74).
- Кара-Балта: саат 11:00дө В.И. Ленин атындагы Маданият үйүнүн алдындагы Борбордук аянтта (Ленин көчөсү, 2).
- Ленинское: саат 11:00дө Кудайдын Энесинин туулган күнү чиркөөсүнүн (Храм Рождества Пресвятой Богородицы) алдындагы аянтта.
- Беловодское: саат 15:00дө Борбордук паркта.
Уюштуруучулар бардык каалоочуларды элдик оюндарга жана Масленица майрамын чогуу белгилөөгө чакырышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: масленица