Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Балыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда
03.04.2026 | 11:43

Балыкчы шаарынын кире беришине жаңы арканын курулушу жүрүүдө. Шаар мэриясынын маалыматында, арка «Ак кеме» формасында болот.
“Долбоордун негизги идеясы – улуттук сыймыгыбыз болгон «Ак кеме» формасында. Бул жөн гана арка эмес, шаарыбыздын символуна айланат”,- деп билдирди мэрия.
Арканын узундугу 59 метрди, ал эми бийиктиги 26 метрди түзөт. Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев курулушка барып, анын сапатын жана иштердин аткарылыш мөөнөттөрүн текшерген.
Эске салсак, шаардын кире беришиндеги эски арка былтыр, 2025-жылдын, апрелинде буздурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом