Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 967 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 23-июлда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
18-марттан 23-июлга чейин өлкөдө жалпы 30 миң 326 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми бир сутка ичинде илдеттен 1 миң 31 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 16 миң 791.