Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Казакстан дан эгининин экспортун көбөйттү
04.07.2025 | 15:52
2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июнуна чейин Казакстан 9 миллион тонна дан экспорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60%га көп. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги «Қазақстан темір жолы» ишканасынын маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, данды төмөнкү Борбор Азия өлкөлөрү жана жакынкы мамлекеттер сатып алган:
- Өзбекстан — 3,3 млн тонна (+32%);
- Тажикстан — 1,2 млн тонна (+45%);
- Ооганстан — 309 миң тонна (+46%);
- Кыргызстан — 233 миң тонна (+94%);
- Иран — 974 миң тонна (17,5 эсе өсүү);
- Азербайжан — 707 миң тонна (116 эсе өсүү).
“Дан экспортунун өсүшү казакстандык данга сырткы рынокто жогорку суроо-талап бар экенин көрсөтөт”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар