Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 163 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 23-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 94;
Чүй облусу — 22;
Ош ш. – 16;
Ош облусу – 9;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 13;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 7.
23-июнга карата өлкөдө жалпы 3 миң 519 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 33 – бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 54 бейтап айыкты.