Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 921 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24-июлда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
18-марттан 24-июлга чейин өлкөдө жалпы 31 миң 247 адам коронавирус жуктуруп алган.
Ал эми бир сутка ичинде илдеттен 1 миң 247 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы айыккан жарандардын саны 18 миң 38.