25-мартта Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» акциясы өтөт

24.03.2026 | 15:57

25-мартта Кыргызстан боюнча «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» аттуу акция уюштурулат. Иш-чара жыл сайын 20-мартта белгиленүүчү ооз көңдөйүнүн саламаттыгынын эл аралык күнүнө карата өтөт.

Акциянын алкагында стоматологдор тарабынан төмөнкү кызматтар акысыз көрсөтүлөт:

  • Балдарды профилактикалык кароодон өткөрүү;
  • Ооз көңдөйүнүн кесипкөй гигиенасын жүргүзүү;
  • 6 жаштан 14 жашка чейинки балдардын туруктуу тиштеринин фиссураларын герметизациялоо;
  • Ооз көңдөйүнө туура кам көрүү боюнча окутуу.

Иш-чарага катышуучу медициналык уюмдардын тизмесин ушул шилтемеден караңыз. Акциянын алкагында бара турган медициналык уюмга алдын ала жазылуу керек.

Scroll to Top