КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
25-мартта Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» акциясы өтөт
24.03.2026 | 15:57

25-мартта Кыргызстан боюнча «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» аттуу акция уюштурулат. Иш-чара жыл сайын 20-мартта белгиленүүчү ооз көңдөйүнүн саламаттыгынын эл аралык күнүнө карата өтөт.
Акциянын алкагында стоматологдор тарабынан төмөнкү кызматтар акысыз көрсөтүлөт:
- Балдарды профилактикалык кароодон өткөрүү;
- Ооз көңдөйүнүн кесипкөй гигиенасын жүргүзүү;
- 6 жаштан 14 жашка чейинки балдардын туруктуу тиштеринин фиссураларын герметизациялоо;
- Ооз көңдөйүнө туура кам көрүү боюнча окутуу.
Иш-чарага катышуучу медициналык уюмдардын тизмесин ушул шилтемеден караңыз. Акциянын алкагында бара турган медициналык уюмга алдын ала жазылуу керек.