Кыргызстандын аймагында дагы 35 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус төмөнкү аймактардан катталды.
Бишкек ш. – 12 + 4 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен;
Чүй облусу — 4 + 3 Соль-Илецктен келгендерден;
Ош облусу — 4;
Нарын облусу — 8.
Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы саны 1468ге жетти.