(Сүрөт: В. Ушаков)
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы
Чүй облусу
түнкүсүн +8…+13
күндүз +23…+28
Талас облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +22…+27
Баткен облусу
түнкүсүн +11…+16
күндүз +26…+31
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +11…+16
күндүз +26…+31
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Нарын облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +15…+20
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 11…13, күндүзгү жогорку температурасы 25…27 болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз