Кыргызстандын аймагында дагы 74 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 11;
Орусиядан Бишкекке келген курсанттар – 10;
Чүй облусу — 1;
Ош ш. – 35;
Ош облусу — 4;
Нарын облусу — 13.
Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы саны 1594гө жетти.
Ал эми аталган илдеттен акыркы сутка ичинде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1066 бейтап коронавирустан айыкты.